• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда 12 жаштагы кыз зордукталып өлтүрүлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. Сурхандарья облусунун 29 жаштагы жашоочусу 5-класста окуган кошунасын зордуктап өлтүрүү шеги менен кармалды.

Маалыматтарга караганда трагедия 25-сентябрда Маландиён айлында болгон. Шектүү алгач кызды зордуктап, андан соң муунтуп өлтүрүп, из жашыруу үчүн аны асып таштаган. Жергиликтүү тургундар маркумдун атасы Орусияга кеткенин, апасы ал маалда пахта чогултуп иштеп жүргөнүн билдиришти.

– Ал күнү №6 мектепте окуган 12 жаштагы кыз үйүндө экен. Алардын кошунасынын үйүндө иштеп жүргөн уста жигит көптөн бери эле ал кызга көзү түшүп жүргөн деп жатышат. 25-сентябрда ал электр өткөргүч суроо шылтоосу менен кыздын үйүнө кирген. Кыз үйдө жалгыз болгондуктан, аны жер төлөгө алып кирип зордуктап таштаган. Андан соң кызды муунтуп, кылмыш изин жашыруу үчүн асып койгон. Мунун баарын уста баланын жанындагы шериги көргөн экен , – деди айыл активисти.

Мааледеги активисттин айтымында, кыздын атасы мугалим болгон, бирок иш издеп Орусияга кеткен. Мыкаачылык менен киши өлтүрүүгө барган бала да ошол айылда жашайт. Ал үй-бүлөлүү, уулу жана кызы бар.

​Райондук милиция бөлүмүнөн билдиришкендей, кылмышка шектүү тергөө учурунда күнөөсүн мойнуна алган. Учурда бул иш менен облустук прокуратуранын атайын тобу алектенүүдө.

29-сентябрда Башкы пркуратура 12 жаштагы кызды өлтүргөн киши мас абалында болгону тууралуу маалымат таратты.

Пикир

Оставить комментарий