• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

1-октябрдан тартып онлайн патентти республика боюнча сатып алууга болот

Экономика 0

Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын 1-октябрынан тартып республиканын бардык аймактарында ведомствонун сайты аркылуу электрондук түрдө патент бере баштады. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өкмөттүк программалардын алкагында киргизилип жаткан жаңы программа патентти алыстан тариздөөгө мүмкүнчүлүк берип, ыктыярдуу, милдеттүү патент жана милдеттүү патент алууга тийиш болгон иш чөйрөсүндөгү жалданма жумушчуга патентти алуу процессин жөнөкөйлөтөт.

Азыркы учурда электрондук патентти алуунун эки жолу бар: МСКнын www.salyk.kg – “Салык төлөөчүнүн кабинети” электрондук кызматы жана eID-карта (2017-жылкы жаңы үлгүдөгү паспорт) аркылуу.

Интернет аркылуу электрондук патент алуу салыктык тескеп-башкаруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүп, салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт. Ошондой эле, жол-жобонун жеткиликтүүлүгү жана жагымдуулугу ишкерлердин камтылышын кеңейтет. Мындан тышкары, салык төлөөчүлөр менен салыкчылардын ортосундагы түздөн-түз байланышты кыскартып, коррупциянын тобокелдигин төмөндөтөт.

Патентти кеңседен (кызмат көрсөтүү жана соода түйүндөрү) же үйдөн чыкпай туруп, сутканын ар кайсы учурунда интернет аркылуу алууга мүмкүн болгондуктан, салык төлөөчүлөргө ар жолу салык органына баруунун кереги жок. Патентти терминалдар, банкоматтар, автоматташтырылган өзүн өзү тейлөө терминалдары жана башка банктык төлөм карталарын тейлөө жана кабыл алуу боюнча техникалык инфраструктураны түзгөн түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.

Электрондук патентти сатып алууну каалагандар МСКнын сайтынан аны алуу тартиби менен тааныша алышат.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 1-июлунан тартып, МСКнын расмий баракчасы аркылуу Бишкек жана Ош шаарларында патентти электрондук түрдө берүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылды, ал эми 1-августтан 30-сентябрга чейин бул шаарларда элетрондук патенттер практикага өтүүнүн алкагында берилди.

Пикир

Оставить комментарий