• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын 10 томдугу даярдалууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 01.11. 23. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстанда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын он томдугу алгачкы жолу басмадан чыгат. Бул тууралуу бул басылманы даярдаган “Өзбекстан-Кыргызстан” Достук коомунун төрагасы, Өзбекстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү өзбек манас изилдөөчүсү, филология илимдеринин кандидаты, профессор Зухриддин Исамутдинов “Кабар” агенттигине берген чакан маегинде билдирди.

Он томдук жыйнакта улуу жазуучунун жөнөкөй аңгемелеринен баштап, көлөмдүү романдарына чейин, публицистикасы, ошондой эле айматовтаануучу окумуштуу жана адистердин ой-пикирлерин камтыган макалалары орун алган.

Анын айтымында, Чыңгыз Айтматовду XX кылымдын Лев Толстойу десе болот. “Толстой сыяктуу Айтматов да чыгармаларын жөн гана көркөм адабият катары жазган эмес, балким ал ар түрдүү сюжеттерди, көркөм текстураларды жана каармандарын аң-сезимин окурмандын ишенимине айланышынын катары колдонгон. Жазуучунун сөзү кыргыз окурмандарына гана эмес, бүткүл дүйнө калкына арналганы менен да өтө маанилүү”, - деп айтты проф. З. Исамутдинов.

“Бул басылманы даярдоодо, жалпы түрк адабиятынын залкар өкүлү болгон Чыңгыз Айтматов өмүр бою эмгектенип, бир саам талыкпай эмгектенгенине жана көптөгөн чыгармаларды жазганына карабай, анын көпчүлүккө маалым болбоган, окурмандар билбеген чыгармалары маалым болду”, деп кошумчалады суубатташыбыз.

Бул он томдук улуу Чыңгыз Айтматовтун туулган күнүнүн 95 жылдыгына арналып, “ Yangi Uzbekistan” басма үйүндө ушул айдын аягында жарыкка чыгат.

Пикир

Оставить комментарий