• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 35,5 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 35 миң 513 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 619 жаңы учур катталды. Ал эми 930 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 8 бейтап каза болду.

Өлкөдө 15-августтан тартып карантиндик чектөөлөр жумшара баштады. Ташкентте коомдук транспорт, анын ичинде метро өз ишин жандантты.

Өлкөдө коронавирустан 30 миң 973 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 234 бейтап каза болду. 4 миң 306 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 813 адамдын абалы оор болсо, 234үнүн абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий