• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 38 миң 946 адамга жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.08.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 38 миң 946 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 248 жаңы учур катталды. Ал эми 411 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 8 бейтап каза болду.

Өлкөдө 15-августтан тартып карантиндик чектөөлөр жумшара баштады. Ташкентте коомдук транспорт, анын ичинде метро, ошондой эле региондордун ортосундагы аба, авто жана темир жол байланыштары өз ишин жандантты. Кайрадан "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр киргизилди.

Өзбекстанда коронавирустан 34 миң 987 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 275 бейтап каза болду. 3 миң 686 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий