• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда мектеп директору окуучуларды Орозо тутпоого мажбурлоого айыпталууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.05.18. /Кабар/. Наманган облусунун Варзик шаарчасынын №19 мектебинин директору Низомжон Жураев окуучуларды Орозо тутпоого мажбурлаган деп айыпталууда. Бирок мектеп директору муну жалган жалаа катары сыпаттады.

Жергиликтүү басылмалардын бири Низомжон Жураев 6, 7, 8 жана 9-класстын окуучулары эртең менен тамактануудан баш тартканын көрүп, алардын оозун ачууга мажбурлаганын жазды. Окуучулар талапты аткаруудан баш тарткан соң, класс жетекчилер 60тай баланы мектеп ашканасына чогултуп, суу ичүүгө мажбурашкан.

№19 мектептин директору Низомжон Жураев айыптоолорду четке какты. “Мындай окуя болгон жок. Мектепте жатып окуган окуучулар эртең мененки тамактан баш тартышкан. Алар менен орун басарым жолугуп, биринчи кезекте ток болуп, билим алуу керектигин айткан. Биз аларга ден соолуктарына кам көрүп, билим алууга көңүл буруу зарылдыгын түшүндүрдүк”, –деди Низомжон Жураев.

Ал адистештирилген мектепте Орозо кармоо үчүн шарт жок экенин, мындан улам окуучулар кыйналып жатканын кошумчалады. Окуу жайдын талабы боюнча окуучулар кечки саат 10дө жатып, эртең менен 6да турушу керек.

Ал мектеп жетекчилиги балдардын саламаттыгы үчүн жооп берерин, мындан улам ачкалыктан алы кеткен балдарды сабакка киргизүү туура эмес экенин белгиледи. “Рамазан айына каршылыгыбыз жок. Эгер окуучулардын ата-энелери баардык жоопкерчиликти өзүнө алса, биз алардын Орозо тутушуна каршы эмеспиз”, – деди ал.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий