• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда сутка ичинде COVID-19 илдетин жуктурган 148 учур катталды. Жалпы 4695

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 4 миң 695 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 148 учур катталган. Ал эми 73 бейтап илдеттен айыгып, реабилитациялык борборго жөнөтүлгөн. Бир бейтап каза болду.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда карантин 15-июнга чейин узартылган. Аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган.

8-июндан тарта “сары” жана “жашыл” аймактарда карантиндик коопсуздук чараларын сактоо талаптары менен шаардык жана шаар четиндеги маршруттардагы коомдук транспорт иштей баштады, метродон тышкары. Ошондой эле 8-июндан тарта диний мекемелер өз ишин жандантты.

Учурда өлкөдө 4 миң 695 адам илдет жуктурса, анын 3 миң 532си айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 19 бейтап каза болду. 1114 бейтап ооруканаларда дарыланууда, алардын 10унун абалы оор болсо, бирөө өтө оор абалда.

Пикир

Оставить комментарий