• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Жөө Күлүк" тасмасы Глазгодогу эл аралык кинофестивалга катышат

Коом 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. Кыргызстандык "Жөө Күлүк" тасмасы Глазгодогу (Шотландия) эл аралык кинофестивалда көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Фестиваль Шотландияда 26-февралдан 8-мартка чейин болуп өтөт. Анын алкагында "Жөө Күлүк" тасмасы 5-6-март күнү көрсөтүлөт.

Кыргызстандык режиссер Мирлан Абдыкалыковдун тасмасы фестивалдын "Pioneer" программасына киргизилген. Бул бөлүмдө жалпы 38 тасма тандалып алынган.

Улуу Британиянын алдыңкы фестивалдарынын бири болгон Глазгодогу кинофестиваль жыл сайын өткөрүлүп келет. Ал 2005-жылы негизделген.

Пикир

Оставить комментарий