• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад электр тармактар ишканасына 4 жаңы имарат курулат

Аймак 0

Бишкек, 27.03.24./Кабар/. Жалал-Абад электр тармактар ишканасына4 жаңы имарат курулат, деп билдирет Энергетика министрлигинин маалымат кызматы.

Маалыматка ылайык, быйыл 2024-жылдын капиталдык курулуш планына Жалал-Абад электр тармактар ишканасында 4 имараттын курулушу киргизилди.

Алар Сузак электр энергиясын сатуу ишканасынын имараты, трансформатор оңдоочу цехи, райондук электр тармактарына караштуу Кызыл–Жар жана Кызыл-Туу участкаларынын имараттары.

Курула турган имараттар «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы тарабынан каржыланат.

Учурда Сузак электр энергиясын сатуу ишканасынын имаратынын курулушу башталды.

Мындан тышкары, капиталдык курулуштун алкагында Жалал-Абад облусунда 32 чакырым 6-10-0,4 кВ чыңалуудагы аба чубалгысы жаңы курулат, аба чубалгыларды реконструкциялоо болсо 96 чакырымды камтыйт.

Ошондой эле, 35 даана 10/0,4 кВ трансформатордук жаңы көмөк чордондор орнотулат жана эскилиги жеткен 25 даана 10/0,4 кВ трансформатордук шкафтар алмаштырылат. 1 даана 220 кВ жана 1 даана 110 кВ көмөк чордондордо трансформаторлордун кубаттуулугу жогорулатылат, 2 даана 110 кВ көмөк чордонунда КРУН ячейкалары алмаштырылат.

Бул иштер компаниянын өз каражаты менен ишашып керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жогорулатууга жана Жалал-Абад облусун өнүктүрүүгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий