• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облустук милициясынын көчмө кабылдамасы 572 жаранды кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 12.05.22. /Кабар/. Жалал-Абадда милициянын көчмө кабылдама унаасы жарандарды кабыл алууда. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун аймагында элге сервистик тейлөө көрсөтүү жана жергиликтүү тургундардын көйгөйлүү маселелерин жеринде чечүү максатында милициянын көчмө кабылдама унаалары өз ишин улантууда.

Атап айтсак Базар-Коргон, Ала-Бука, Тогуз-Торо РИИБдеринин кызматкерлери айылдарды аралашып, жарандарды кабыл алышып, юридикалык кеңештерин беришти. Жайлоого мал жандыктары айдалып жаткандыгына байланыштуу мал уурулуктарынан этият болуу керектигин жана өз малдарын ар дайым көзөмөлгө алуу зарылдыгын эскертишти. Ошондой эле суу кырсыктарынын алдын алуу максатында көлмөлөргө эскертүү тактайчалары орнотулду.

Бүгүнкү күндө милициянын көчмө кабылдама унаасы 11 шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүндө иш жүргүзөт. Алар 2022-жылдын 4 айында 350 жолу аймактарды кыдырууга чыгып, 572 жаранды кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий