• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Сокулуктагы "Жибек-Жолу" борбордук базарына барды

Өкмөт 0

ишкек, 12.05.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров күтүлбөгөн иш сапары менен Чүй облусунун Сокулук айылындагы "Жибек жолу" базарына барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жапаров базардын соодагерлери жана сатып алуучулары менен баарлашып, социалдык-экономикалык тармакта жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолуп, ошондой эле акчалай төлөмдөрдү жүргүзүүдө кассалык аппараттарды колдонуу жана чектерди талап кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле Сокулуктагы кичи дүкөндөрдүн биринде болуп, алкоголдук ичимдиктердин акциздик маркаларынын аныктыгын текшерди. Кыдырууда контрафакттык продукциялар аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий