• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Суу районунда сел жүрдү

Кырсык 0

Бишкек, 12.05.22. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алдын ала маалыматка ылайык, 11-майда саат 22:00 чамасында каттуу жааган жаандын кесепетинен, Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 4-6-7-чакырым аралыктарында сел жүрүп, натыйжада Мады айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Чек, Асан-Чек айылдарында, Шарк айыл өкмөтүнүн Фуркат айылында, Нариман айыл өкмөтүнүн Беш-Мойнок айылында 12 турак үйгө зыян келтирилген, анын ичинен 4 турак үйдүн жер төлөөсүнө, 8 турак үйдүн короосуна, 1 мектептин, 1 бала бакчанын жана медициналык борборунун короолорун каптаган.

Жеринде селдин кесепеттерин жоюу жана тактоо иш-чараларын жүргүзүүгө ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде ыкчам топ, Кара-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу жана Кара-Суу районунан16 куткаруучу, РӨКОдон 27 куткаруучу 3 мотопомпа менен, Ош шаардык башкармалыгынан 20 куткаруучу 2 мотопомпа менен, №21 ЖТИден 1 грейдер жана айыл өкмөтүнөн 1 экскаватор тартылды.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий