• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад: Эртең бир катар көчөлөрдө электр жарыгы өчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. Эртең, 20-августта Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу калаанын Ленин, Токтогул, Северный, Транспортный көчөлөрүндө, Береке базарынын аймагында, Ленин көчөсүндөгү №43, 45, 47, 49 көп кабаттуу үйлөрдө, Первомайский көчөсүндөгү №60, 62 көп кабаттуу үйлөрдө, Нагима Айтматова көчөсүндөгү №3 көп кабаттуу үйдө саат 10:00дөн 17:00гө чейин электр жарыгы болбойт.

Пикир

Оставить комментарий