• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19: Ошко келген россиялык дарыгерлер тобу кайтып кетишти

Аймак 0

Бишкек, 15.08.20. /Кабар/. Ошко келген россиялык дарыгерлер тобу кайтып кетишти. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Мэриянын маалыматына караганда, аларга Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун атынан ыраазычылык билдирилип, атайын белектер берилди.

Вице-мэр Эмиль Шадыханов Россиядан келген дарыгерлер коронавируска каршы күрөштө жардам бергенин жана тажрыйба алмашуу натыйжалуу болгонун билдирди.

Маалым болгондой, дарыгерлер шаардагы изоляцияларда иштешкен. 16 медицина кызматкерлеринен турган дарыгерлер тобу 24-июлда Ош шаарына келишкен.

Пикир

Оставить комментарий