• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад шаардык милициясы балдар үйүнө колдоо көрсөттү

Аймак 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн Балдар иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери комплекстүү реабилитациялык борбордун тарбиялануучуларынан кабар алышты.

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, кызматкерлер бул жердеги балдар менен баарлашып, өздүк курам тарабынан даярдалган жазгы кийим-кечелерди тапшырышты.

Милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдүн кызыктырган суроолоруна жооп берип, татыктуу билим жана тарбия алууга чакырышты. Ошондой эле кылмыштуулуктан жана ар түрдүү кырсыктардан алыс болууга үндөшүп, келечек ээлерине ден соолук, окууларында ийгиликтер болуусун каалап өтүштү.

Пикир

Оставить комментарий