• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад: «Жылдын мыкты мугалими-2022» сынагынын баш байгесине автоунаа коюлду

Аймак 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 19-апрелде Жалал-Абад шаарындагы Б.Осмонов атындагы №5 мектеп-гимназиясында “Жылдын мыкты мугалими-2022” сынагынын ачылышы болду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, мугалимдер жана ар тармактын өкүлдөрүнөн турган калыстар тобу катышты.

Сынак 3 тур менен өтүп, 22-апрелде жыйынтыкталат. Бул жолку сынактын өзгөчөлүгү 3 турга үч башка калыстар тобу бекитилген. Сынакта 19 мугалим күч сынашууда. Анда баш байгени жеңген мугалим областтык жана республикалык сынакка жолдомо алат.

Жергиликтүү бюджеттен “Мыкты мугалим“ сынагына жана окууда ийгилктерге жетишкен окуучуларга 1 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Анын 80 0миң сому аталган сынактын байге фондуна жумшалды. Баш байгеге Матиз үлгүсүндөгү темир тулпар болсо, калган орундарга үй-тиричилик буюмдары, ноутбук жана планшеттер берилет. Мындан сырткары, мугалимдердин облустук жана шаардык профсоюз уюму тарабынан алдыңкы орундарды ээлегендерге Ысык-Көлгө, Жалал-Абад санаториясына эс алуу үчүн жолдомолор тапшырылат.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында “Жылдын мыкты мугалими” сынагына баш байге катары автоунаа берүү мындан 14 жыл мурда орун алган. Андан бери жергиликтүү бюджеттен аталган сынактын байге фондуна мындай ири суммадагы каражат бөлүнгөн эмес.

Пикир

Оставить комментарий