• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда 16 миң таңгактан ашуун мыйзамсыз тамеки тартылып алынган

Аймак 0

Бишкек, 25.05.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Жалал-Абад шаарында жүргүзүлгөн рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө тамеки продукциясын акциздик маркалары жок мыйзамсыз сатуу фактыларын, ошондой эле тиешелүү лицензиясы жана уруксат берүүчү документтери жок алкоголдук продукциясы менен кампаны аныкташкан. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн бардыгы болуп 653 миң 160 сомдон ашык суммадагы 16 миң 329 таңгак ар кандай аталыштагы тамеки продукциялары жана 23 миң сомдон ашык суммадагы 690 бөтөлкө сыра тартылып алынган.

Ишкердик субъекттерге карата КР мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий