• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 24.05.21. /Кабар/. Кечээ, 23-майда саат 20:30да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтуна таянып ӨКМ билдирди.

Жер титирөө Сузак районунун, Кызыл-Үңкүр айылында 3,5 балл, Каду, Орток айылдарында 3 балл жана Базар-Коргон районунун Жазы-Кечүү айылында 4 балл, Көсө-Терек айылында 3,5 балл, Көк-Алма айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий