• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо мөөнөтү узартылды – билим берүү министри

Билим 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди.

Анын айтымында, учурдагы кырдаалды эске алып тестрилөөнүн мөөнөтү узартылды. “Тестирлөөгө каттоону учурдагы кырдаалда кандайдыр бир себептен окуучулар катталбай калбасын, көйгөй жаралбасын деген ой менен узарттык. Ал эми тестирлөөнү өткөрүүнү кырдаалга жараша чечебиз. Республикада эпидемиологиялык кырдаал жакшырып, коомдо позитивдүүлүк мезгил болгондо тестирлөөнү өткөрөбүз. Окуучуларга болсо тестирлөөгө дыкаттык менен даярдыктарды көрө берүүсүн сунуштайт элем”, - деп кошумчалады ал.

Ошондой эле Исаков белгилегендей, азыркы убакта Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоочу электрондук акысыз кызматтар кирди. “Ал жерде атайын брифингдер түзүлүп, балдардын тестирлөө боюнча билимдерин аныктап аткан мезгил”, - деди ал.

Белгилей кетсек, өткөн жылдарда тестирлөөгө каттоо апрель айына чейин жүргүзүлүп келген.

Пикир

Оставить комментарий