• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жапаров ЖЕЭКтин видеоконференция форматындагы кезектеги жыйынына катышат

Президент 0

Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) видеоконференция форматында өтчү кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында өтө турган жыйында ЕАЭБ мамлекеттеринин башчыларына аткарылган иштердин жыйынтыгы, анын ичинде Бирликтин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу, ЕАЭБдин 2020-жылдагы эл аралык ишмердигинин негизги багыттарын ишке ашыруу тууралуу жана башка бир катар баяндамалар угулат.

Мындан сырткары, Кеңештин мүчөлөрүнүн мүчө-мамлекеттердин 2021-2022-жылдарга карата макроэкономикалык саясатынын негизги багыттарын, дары-дармектерди жана фармацевтикалык субстанцияларды чыгаруу жаатында кызматташуу жана интеграциялык процесстерди тереңдетүү чөйрөсүндөгү башка маселелерди кароосу күтүлүүдө.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча бир катар чечимдер кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий