• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жазуучу Мар Байжиев менен коштошуу зыйнаты өттү

Коом 0

Бишкек, 31.10.21./Кабар/. Кыргыз эл жазуучусу, III даражадагы «Манас» жана «Данакер» ордендеринин ээси, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ишмери, Кыргызстан улуттук кино академиясынын мүчөсү, драматург Мар Байжиев акыркы сапарга узатылды.

Акыркы сапарга узатуу зыйнаты А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү.

Анда Мар Байжиевдин кыргыз маданияты жана искусство тармагынын өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу жылуу пикирлер айтылып, анын өлбөс өчпөс эмгектери кыргыз элинин эсинде түбөлүк сактала тургандыгы баса белгиленди.

Мар Байжиев бүтүндөй өз өмүрүн кыргыз маданиятынын калыптануусуна арнап, дээрлик чыгармачылык жолу манас, драматургия, кино жана театр астанасында өткөргөндүгү, коомдо өз орду бар инсан катары кала ургандыгы узатуу зыйнатына катышкандар белгиледи.

Узатуу зыйнатына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, туугандары, кеңири коомчулук катышты.

Белгилей кетсек, Мар Байжиев 2021-жылдын 29-октябрында 86 жаш курагында дүйнө салды.

Пикир

Оставить комментарий