• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков бүгүн иш сапары менен Тажикстанга барат

Президент 0

Бишкек, 26.07.19./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-июлда Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча Тажикстандын Исфара шаарына кыска мөөнөттүү иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Эки мамлекеттердин башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы кесилишкен тилкеде Кыргызстандын жана Тажикстандын коомчулугунун жана аксакалдарынын өкүлдөрү менен жолугушат.

Андан соң сүйлөшүүлөр Исфара шаарында өтөт.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелерин, анын ичинде чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо процесстерин талкуулашат.

Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмондун сүйлөшүүлөрү Чолпон-Ата шаарында улантылып, Исфарадагы жолугушуунун жыйынтыктары чыгарылат. Эки мамлекеттердин башчылары Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы кызматташтык маселелеринин бардык спектрлерин жана өз ара аракеттешүүнүн келечегин талкуулашат.

Пикир

Оставить комментарий