• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков Бишкектеги мыйзамсыз бөлүнгөн тилкелердин кайтарылышы жөнүндө: Чоң карама-каршылык болду

Президент 0

Бишкек, 12.09.20./Кабар/. Бишкек шаарына мурдагы жашыл шаар деген атын кайтаруу боюнча конкреттүү иштер жасалып жатат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде белгиледи.

Мамлекет башчысы мурда менчикке мыйзамсыз сатылып кеткен жерлерди кайтаруу боюнча калаа мэриясына жардам берилип жатканын, ал жерлерде бак, парктар курулуп жатканын айтты.

«Бул иш ордунан оңой жылган жок. Бул да чоң карама-каршылык менен болду. Бишкектеги жер бөлүү коррупциянын чоң очогуна айланган маселе, билесиз. Элибиз үчүн эң керектүү эс алуу жайларынын, социалдык объектилердин, парк зоналарынын жерлери менчикке мыйзамсыз берилип кеткен. Ошону кайтаруу боюнча иш жүргүзүп жатабыз», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Бишкек мэриясына ар тараптуу жардам берилип, анын ичинде саясий жактан колдоо көрсөтүлүп жатканын, чоң күчтөр, таасирдүү адамдар, чоң каражат аралашкан жерлерди кайтарууга мэриянын өзүнүн күчү жетпей турганын белгиледи.

«Жер берүү, жогоруда айтып кеттим, коррупциянын чоң очогуна айланган. Бирок, эбегейсиз каршылыкка карабай, жерлерди шаарга кайтарып жатабыз. Ошол жерлерге элге кызмат кыла турган парктарды куруп жатышат. Былтыр көрдүңүздөр, 10 гектарга «Ынтымак» паркы курулду. Быйыл «Чолпонбай Түлөбердиев» атындагы паркты ачтык. Ал 11 гектар жерди ээлейт. Дагы бир жаңы паркыбыз ачылды, «Адинай» деп атоону сунуштадык. Анын аянты 13 гектар. Дагы 4 парк курулуп жатат, жалпы аянты 30 гектардан ашат. Бул иштин баары — шаарыбыздын тургундарына, келечек балдарыбызга көрүлгөн камкордук», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков

Болбосо, ал белгилегендей, шаардын жерлери кертилип, сатылып кеткен, дагы да сатылмак.

«Биз ошол коррупциялык схемаларга бөгөт коюп жатабыз, жерлерди кайра кайтарып жатабыз. Бул процессти мен коррупцияга каршы күрөштөгү эң бир чоң багыттардын бири деп баа берем», — деп кошумчалады Мамлекет башчысы.

Президент мындай иштер Бишкекте эле эмес, өлкөнүн башка шаарларында, мисалы, Ош шаарында дагы жүрүп жатканын белгиледи.

«Элдин менчиги элге кызмат кылышы керек. Биз буга катуу турабыз. Сейил бактардан тышкары, Бишкек шаарынын сыртына эс алуучу жайларды, бизнес борбор жана спорт сарайларын курууну пландаштырып жатабыз. Футбол, хоккей стадиону, 5 миңден 7 миңге чейин машина коюучу жайлар, жалпысынан 30 гектарга долбоорду пландаштырып жатабыз. Азыр даярдап жатышат, буйруса, бул ишти баштайбыз. Булар да шаар үчүн ири долбоорлор. Биздин жарандарыбыз үчүн, айрыкча шаардыктарыбыз үчүн белек болуп калат», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал ошондой эле шардыктардын коопсуздугун камсыз кылуу маселесине, «Коопсуз шаар» долбоорунун ишке ашырылышына токтолду.

«Билесиздер, «Коопсуз шаар» долбоору көп жылдан бери ишке ашпай келе жаткан. Бишкек шаарынан баштадык. Бул долбоорду бүт республика боюнча жайылтабыз. Пандемия бир аз тоскоолдуктарды жаратты, азыр бул багытта ишти кайра баштап жатабыз», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Мындан тышкары, Сооронбай Жээнбеков Патрулдук милицияны түзүү боюнча дагы бир чоң долбоорду ишке ашыруу тууралуу айтты.

«Коопсуз шаар» долбоору жана патрулдук милиция ишке киргенден кийин кылмыштуулук, айрыкча, жол-транспорттук кырсыктары кескин азайды. Жол кырсыктарынын кесепетинен каза болгондордун саны кээ бир жерлерде 100 пайызга чейин азайды. Кээ бир жерлерде жол кырсыктары 50 пайызга чейин азайып жатат. Бул жакшы көрсөткүч», — деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы кошумчалагандай, Патрулдук милиция түзүлгөндөн тартып кылмыштуулуктун бетин ачуу жогорулады.

«Бул долбоор өзүнүн натыйжасын көрсөтө баштады. «Менин милициям — мени коргойт» принцибин кайтарабыз. Кайтарып жатабыз. Бул Бишкекте ийгиликтүү болду, эми Ошто баштап жатат, андан кийин башка шаарларда да ишке ашырабыз. Жалпылап айтканда, борборубузду, шаарыбызды өнүктүрүү, жакшыртуу маселелерине да чоң маани берип жатабыз. Бул ар дайым биздин көңүлүбүздө жана негизги багыттарыбыздын бири», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий