• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент: Санариптештирүү — коррупцияга каршы күрөштүн негизги куралы

Президент 0

Бишкек, 12.09.20./Кабар/. «Санариптештирүү — коррупцияга каршы күрөштүн негизги куралы», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде, Бишкек шаарын санариптештирүү жана көрктөндүрүү боюнча чаралар тууралуу суроого жооп берип жатып.

Мамлекет башчысы аймактарды өнүктүрүүгө жасалган негизги басым менен катар борбор шаардын маселелери ар дайым көңүл борборунда экенин баса белгиледи.

Президент борбор шаарды санариптештирүү катуу көзөмөл астында жүрүп жатканын, Бишкектеги ооруканаларды, калкка кызмат көрсөтүүчү бардык мекемелерди санариптештирүү иши түздөн-түз жеке көзөмөлүндө жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Санариптештирүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар шаардыктардын турмушундагы бюрократияны, күнүмдүк түйшүктү азайтып, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алууда ыңгайлуу шарттарды түзүп, жашоосун жакшыртууга кеңири камкордук болорун белгиледи.

«Өткөндө дагы айткам, биз баарын камап же каерде коррупциялык схема болсо, жетекчилерин алмаштырып, аны менен токтото албайбыз. Коррупцияга санариптештирүү аркылуу гана бөгөт кое-алабыз. Санариптештирүү үчүн каражат бар, толук өлчөмдө берилип жатат. Саясий эрк бар. Борбор шаарга, региондорго чыкканда бул багытта талапты катуу коюп жатам», — деп өзгөчө баса белгиледи Президент.

Эми, Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, эң негизгиси бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик өз милдеттерин аткарышы керек.

Ошондой эле Президент шаар тургундарынын кийинки көйгөйү — коомдук транспортко токтолду.

«Бул боюнча Өкмөт, Бишкек мэриясы иш алып барып жатат. Мен толук кабардармын. Болгон кеңешимди айтып, колдоп, бул багытта чогуу иш алып барып жатабыз. Мэрияга милдет жүктөлгөн. Этап-этабы менен, газ менен иштеген автобустарга, электр кыймылдаткыч менен иштеген автобустарга өтүү пландалууда. Бул дагы бир чоң көйгөйдүн — шаардын абасынын булганышын азайтат», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Мэриянын эсеби боюнча, шаар ичиндеги кичи автобустарды заманбап автобустарга алмаштыруу үчүн дагы 800дөн 1000ге чейин автобус, троллейбустар керектелет.

2019-жылы Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 60 автобус алынган. Быйыл 100 автобус алуу аракети көрүлүп жатат.

Президент белгилегендей, донорлор менен иш жүрүп жатат. Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен да сүйлөшүүлөр болуп жатат. Фонддун жардамы менен 2021-жылы 300 автобус алып келүү пландары бар.

Мамлекет башчысы мэриянын бул ишине эмнеге көңүл буруп жатканына түшүндүрмө берди.

«Калкыбыздын саламаттыгын коргоо — мамлекеттин негизги милдети. Коомдук унааны жакшыртуу шаар экологиясына, демек, баарыбыздын ден соолугубузга түз таасир этет», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий