• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков өлкө парламентинин жана өкмөттүн мурдагы жетекчилери менен дайыма жолугушуп турат

Президент 0

Бишкек, 20.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сороонбай Жээнбеков бүгүн, 20-ноябрда, өлкө парламентинин жана өкмөттүн мурдагы жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Экс-премьер-министрлер менен экс-спикерлер коомдун түрдүү өкүлдөрү менен күн тартибиндеги проблемаларды талкуулоо аркылуу коомдун башын бириктирүү боюнча Президенттин демилгесин колдоого алышты. Ошону менен катар өлкөдөгү азыркы абал боюнча сунуштарын жана сын пикирлерин билдирип, өлкөнү өнүктүрүү боюнча ой-пикирлерин айтышты.

Сунуштар негизинен калктын мамлекеттик бийликке ишенимин бекемдөө, экономиканы, региондорду өнүктүрүү, коррупцияга каршы күрөш, кадр саясаты, шайлоо системасын өркүндөтүү, энергетика, тоо кендерин иштетүү өнөр жайы, соттук-укуктук жана административдик-территориалдык реформа, саясий туруктуулук, парламенттин жана өкмөттүн иши, билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, мамлекеттик башкарууда илимдин потенциалын күчөтүү маселелеринин тегерегинде болду.

Тактап айтканда Абдыганы Эркебаев азыркы Президентке оор мурас калгандыгын баса белгиледи. Бирок эгерде ар бири өз ишин аткарып, башканыкына кийлигишпесе, бардык маселелер жана проблемалар чечилээрин айтты. Ошондой эле өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы сыяктуу стратегиялык документтерди иштеп чыгууда окумуштуулардын жана интеллектуалдардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу зарылдыгын кошумчалады.

Амангельди Муралиев саясий туруктуулуктун, кошуна мамлекеттер жана стратегиялык өнөктөштөр менен жакшы мамиле күтүүнүн, административдик-территориалдык реформаны жүргүзүүнүн маанисине токтолду.

Мукар Чолпонбаев коррупцияга каршы күрөш Бишкек ТЭЦиндеги авария менен эле чектелбей, кеңири кулач жайышы боюнча каалоосун билдирди. Ошондой эле улуттук идеологияны кайра жандандыруу зарылчылыгы боюнча пикирин айтты.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн маанилүү жана керектүү идеялар жана сунуштар айтылгандыгына канааттануусун билдирди.

Ал жолугушуунун жүрүшүндө айтылган айрым суроолорго жооп берип, мамлекеттүүлүктү бекемдөө, коомдо ынтымакты жана элдин биримдигин арттыруу, өлкөнүн ырааттуу өнүгүүсү, сот системасын реформалоо, коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшү, экономиканы санариптештирүү, электрондук өкмөт, региондорду өнүктүрүү боюнча чаралар туурасында кыскача айтып берди.

Жолугушуунун соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков бул жолугушуу өлкөдөгү олуттуу жана күндөлүк проблемалар боюнча пикир алмашуу үчүн жакшы аянтча болоорун баса белгилеп, бүгүнкү жолугушууда айтылган маселелерди терең талкуулоо жана чечүү үчүн мындан ары дайыма өткөрүү сунушун ачыктады.

Пикир

Оставить комментарий