• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 13.11.20. /Кабар/. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров «Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына („Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө“, „Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам 2020-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты:

— «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы күчүнө киргенден кийин сугат айдоо жерлеринин жер участкаларында жеке турак жай үйлөрүн мыйзамсыз курган жарандардын көтөргөн маселелерин чечүү;

— айдоо жерлерин айыл чарба өндүрүшүнө пайдаланууга жараксыз же жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы бар сугат жерлерин которууга (трансформациялоого) мүмкүндүк берүү;

— максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу үчүн жаза карайт.

Ушуга байланыштуу, бул мыйзам менен «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө», «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине тиешелүү түзөтүүлөр киргизилүүдө.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий