• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков Борбордук Азия лидерлеринин кийинки жолугушуусун Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады

Президент 0

Ташкент, 29.11.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Ташкент шаарында өтүп жаткан Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи консультативдик жолугушуусунда сөз сүйлөп жатып кийинки жолугушууну Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады.

Өлкө башчысы өз сөзүндө жолугушууну жогорку деңгээлде уюштурганы үчүн Өзбекстандын президентине ыраазычылык билдирди.

Кыргызстандын башчысы позитивдүү аракеттерди улантууну абдан маанилүү деп эсептейт.

"Буга байланыштуу консультативдик жолугушууну Кыргызстанда 2020-жылы өткөрүүгө даярдык билдирем", - деди президент Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий