• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 05.03.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеӊеши тарабынан 2019-жылдын 16-январында кабыл алынган.

Мыйзам өз ченемдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келтирүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө укуктук мамилелерди жөнгө салган карама-каршылыктарды четтетүү максатында кабыл алынган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий