• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков: Эгемендиктин, мамлекеттин ээси – эл

Президент 0

Бишкек, 31.08.19. /Кабар/. Бүгүн, 31-август күнү Бишкек шаарынын борбордук аянтында өткөн салтанаттуу иш-чарада президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Президент куттуктоо сөзүндө көз карандысыздык ата-бабалардан калган аманат экенин айтып, эгемендиктин, мамлекеттин ээси эл экенин белгилеп өттү.

"Эгемендиктин, мамлекеттин ээси – эл. Бүгүн – элибиз үчүн, мамлекетибиз үчүн, эң ыйык, эң улуу күн! Биз бабалардан калган эркиндикти, көз карандысыздыкты, мамлекеттүүлүктү гана эмес, урпактарга өнүккөн мамлекетти, гүлдөгөн жерди, дени сак, билимдүү, заманбап коомду калтырышыбыз абзел. Саясат менен ашкере алектенүүнү азайтып, экономикалык жана социалдык актуалдуу маселелерди чечүү – биздин милдетибиз. Баарыбыз жапа тырмак жаратмандыкка багыт алуубуз зарыл", - деди ал.

Аны менен бирге ал, мамлекеттин учурдагы маселелери тууралуу айтып, буга чейин башталып, саясий себептер менен солгундап калган реформалар кайра жанданарын белгиледи.

"Буга чейин башталып, саясий себептер менен солгундап калган реформалар кайра жанданат, күчтөнөт. Элдин үнүн угуп, журттун талабын аткаруу үчүн, жүрүп жаткан реформаларга жаңы дем беребиз. Сот-укуктук адилеттигин, мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, аймактардын өнүгүүсүн, өлкөнү санариптештирүүнү камсыз кылууда конкреттүү жыйынтыктарга жетебиз. Экономикада, билим берүүдө, саламаттыкты сактоодо, коопсуздукту камсыз кылууда, демократияны бекемдөөдө жаңы демилгелер ишке ашырылат", - деди президент.

"Алдыга койгон максаттарга жетүү үчүн – бийликтин тазалыгы аба менен суудай керек. Бийлик таза болсо – эл аны дайыма колдойт. Тилекке каршы, чейрек кылым ичинде, бийлик бутактарындагы коррупция – улуттук трагедияга тете көйгөй болуп калды. Бийлик – элге кызмат кылуунун, өлкөнү адилет башкаруунун эмес, байлык жыйноонун булагына айланган. Таза, абийирдүү бийликти бышыктап, мамлекеттик бийликтин таза болушун камсыз кылуу зарыл. Кыраакы элибиз байыртан эле бийликтин кадырын, баркын тазалык менен калыстык аркылуу баалап келген. Бийлик өзү таза болбой туруп, тазалыкты башкалардан талап кыла албайт. Ошондуктан, өз милдетимди таза ниет менен, кынтыксыз аткарам деп, элимдин алдында дагы бир ирет баса белгилейм", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий