• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков иш сапар менен Москва шаарына учуп кетти

Президент 0

Бишкек, 14.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-июнда Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча бир күндүк иш сапар менен Россиянын Москва шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземине катышат.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Россиянын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө, анда эки өлкө ортосундагы кызматташуу маселелерин талкууланат.

Пикир

Оставить комментарий