• 88.68
  • 95
  • 0.95

2020-жылы октябрдан бери тышкы карыз болгону 84 млн долларга көбөйдү — Жапаров

Президент 0

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. 2020-жылкы октябрдан бери Кыргызстандын тышкы карызы 84 млн долларга көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Өлкө башчы Кыргызстан 1 млрд долларга жакын тышкы карыз алды деген маалыматтар калп экенине токтолду.

“2020-жылы октябрдан бери тышкы карыз болгону 84 миллион долларга көбөйдү. Каржы министрлигине барып иликтегичтер муну да иликтеп чыксаңар болот. Анан да, бул сумма – дагы мурдатан түзүлгөн келишимдин негизинде келген акча. Мындан тышкары, бир топ каражаттар грант түрүндө келип жатат. Алар кайтарымсыз. Кыргызстанга жардам катары берип жатышат. Мындан ары тышкы карызды көбөйтпөй, тескерисинче, жапканга аракет кылабыз. Кыскасы, президенттик биринчи мөөнөтүм бүткөнчө, тышкы карызыбыздын, эң жок дегенде, жарымын жаап кеткенге аракет кылам”, - дейт Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий