• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

28-апрелде Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт

Коом 0

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. 28-апрелде Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Баш-Кара-Суу" суу алгычында оңдоо иштерине байланыштуу 28-апрелде саат 9:00дөн 20:00гө чейин Сарбан а., Жал а., Жогорку Орок, Кашкабаш а., 105-контурдун батыш тарабы, ЖЭБ-2 жаңы конушу, жаңы Селекция району, Достук а., Ак-Ордо конушу Ахунбаев көчөсүнүн түштүк тарабы, Сокулук районундагы Ак-Ордо конушу Ахунбаев көчөсүнүн үстүндө, Ак-Ордо конушу Өмүр көчөсүнүн түштүк тарабында суу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын ичүүчү суу камдап алууларын суранат.

Пикир

Оставить комментарий