• 88.68
  • 95
  • 0.95

№87 мектептин окуучусунун өлүмү. Директор убактылуу кызматынан четтетилди

Коом 0

Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. Бишкек мэриясында №87 орто мектепте болгон кайгылуу окуянын жагдайларын иликтөө боюнча комиссиянын жыйыны өттү, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Анын маалыматы боюнча, мектепте эс-учун жоготкон 5-класстын окуучусу Гүлзейнеп Галбаева кардиологиялык ооруканага кетип бара жаткан жолдо каза болгон, ал жүрөк оорусу менен жабыркаган. Кыздын апасы Обагүл Идрисова мэрияга окуянын бардык жагдайларын иликтөө үчүн кайрылган.

«Жаңы комиссия түзүлдү, курамында медиктер, педагогдор, атайын кызматкерлер жана укук оргоо органдарынын кызматкерлери бар. Комиссия жакындарынын бардык дооматтарын жана билдирүүлөрүн, мектеп администрациясынын түшүндүрмөлөрүн, ошондой эле медициналык консультацияны изилдейт»,-деп айтылат маалыматта.

Комиссия кызыкчылыктардын кагылышын алдын алуу жана бардык жагдайларды изилдөө максатында №87 мектептин директору Ж.М.ны убактылуу кызматтан алуу чечими кабыл алынды.

Эскерте кетсек, 2021-жылы 11-мартта Бишкекте ооруканага бараткан жолдо №87 мектептин 5-классынын окуучусу 2009-жылы туулган Г.Галбаева каза болгон. Анын туугандары соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүгө каршы болушкан. Бирок, кийин кыздын апасы мектептин жетекчилигин шалаакылыкка айыптаган.

Пикир

Оставить комментарий