• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков: Кыргызстандын жана Тажикстандын бир тууган элдери тынчтыкта жашап келген

Президент 0

Бишкек, 26.07.19. /Кабар/. «Кыргызстандын жана Тажикстандын бир тууган элдери илгертен эле тынчтыкта жана ынтымакта жашап келген жана бүгүн да жашап жатышат», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-июлда кыска мөөнөттүү иш сапарынын алкагында Тажикстандын Исфара шаарында Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушууда.

Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү жолугушууну тарыхый жолугушуу катары баалай турганын белгиледи.

«Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекет башчылары эгемендик жылдары ичинде алгачкы жолу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жолугушту. Бул биздин сунушубузду колдогон урматтуу Эмомали Рахмондун акылдуу чечими менен болду, — деп баса белгилеп, ал өлкөлөрдүн мындан аркы өз ара аракеттешүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоонун зарылдыгын белгиледи. — Албетте, биздин бул жолугушуубуз саясий диалогду улантуу жана Сиздин Кыргызстанга расмий визитиңизди уюуштуруу үчүн олуттуу негиз болот», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал эки өлкөнүн элдерин салтка айланган достук, ынак кошуналык, тарыхый жана маданий жалпылыктар бириктирип турганын дагы бир жолу белгиледи.

«Тилекке каршы, биздин чек арабызда жаңжал болду. Биз биргелешип анын себептерин калыс изилдеп чыгып, мындай окуяны экинчи болтурбоо үчүн ачык-айкын чараларды көрүшүбүз керек», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

«Биз сүйлөшүүлөр процессине динамикалуулук жана натыйжалуулук берүүнү сунуштайбыз. Кыргыз-тажик чек ара маселелери боюнча „жөнөкөйдөн татаалга карай“ принцибин жетекчиликке алуу менен ишти улантуу маанилүү. Биргелешкен аракеттер менен биздин чек араларды жаратмандыктын, тынчтыктын жана бакубатчылыктын дарбазасына айландыра аларыбызга ишенем», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Исфара шаарындагы жолугушуудан соң эки мамлекеттердин башчылары Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарына келишет.

Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмондун сүйлөшүүлөрү эртең, 27-июлда улантылат. Президенттер эки тараптуу кызматташтыктын бардык маселелерин, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча чараларды талкуулашат.

Пикир

Оставить комментарий