• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков: Мамлекет бизнестин реалдуу өнөктөшү болушу керек

Президент 0

Бишкек, 24.06.19. /Кабар/. «Мамлекет бизнестин реалдуу өнөктөшү болушуна аракет жасоо зарыл. Ал эми бизнес болсо өнүгүү процессинин тең укуктуу катышуучусу болушу керек», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июнда, өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин биринчи отурумунда.

Ал белгилегендей, мамлекет тарабынан жасалып жаткан аракеттерге карабастан, өнөр жайды өнүктүрүү боюнча реалдуу жыйынтыктар болбой жатканы маалым.

«Мамлекеттик органдардын отчетторун анализдеп көрсөк, алардын ою боюнча, өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бул отчетторго ылайык, бизнестин өзү өнөр жай менен алектенгиси келбегендей пикир жаралат. Ошол эле убакта, биздин ишкерлерге жана чет элдик инвесторлорго жаңы өндүрүштөрдү ачууга, жаңы жумушчу орундарын түзүүгө эмне тоскоол болуп жатканын сурамжылоо болду. Анда бизнесмендер жана ишкерлер, мамлекеттик органдардын пикирине дал келбеген көз караштарын билдирип жатышат. Ошондуктан, бизнес менен мамлекеттин ортосунда чыныгы диалог түзүлбөй жатат», — деп баса белгиледи президент.

Мамлекет башчысы өнөр жай тармагын өнүктүрбөй туруп, өлкөнү өнүктүрүү мүмкүн эместигин белгилеп, келечекте өнөр жайды узак мөөнөттүү өнүктүрүү боюнча көз карашты калыптандырган жана аны жүзөгө ашыруу жолдорун аныктаган аянтча түзүү керек болгонун, ушул көйгөйлөрдү чечүү үчүн бизнес менен мамлекеттин ортосундагы атайын диалог аянтчасы түзүлгөнүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий