• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент КТРКны реформалоо керектигин айтты

Президент 0

Бишкек, 05.05.21. /Кабар/. Коомдук телерадиокорпорациясын реформалоо керек. Бул тууралуу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап жатып билдирди.

Анын айтымында, ал үчүн сырттан маалыматтык технологияларды алып келүү аркылуу теле-радио корпорацияны Кыргызстанды тааныта турган глобалдык медиа-долбоорго айландырса болот.

“Кыргызды дүйнөгө тааныткан акындык, төкмөлүк, манасчылык институттарын, мындан сырткары, улуттук көркөм өнөрдү, кыргыз адабияты менен киносун колдоого алып, өнүктүрүү зарыл”, - деди Жапаров.

Кыргыз дүйнөсүн сактап калууда кыргыз тилинин орду өзгөчө.

Өлкө башчысы белгилегендей, мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасы мамлекеттик саясаттын милдеттүү элементи болот.”Кыргыз тили Кыргызстан элинин бардык өкүлдөрү үчүн интеграциянын жана коммуникациянын инструменти болууга тийиш”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий