• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков менен Атамбаевдин жолугушуусу болобу же жокбу? – президенттин пландары тууралуу

Президент 0

Бишкек, 03.05.18. /Кабар/. ЖМКларда КР президенти Сооронбай Жээнбеков менен мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин жолугушуусу мүмкүн экендиги жөнүндөгү маалымат пайда болгондон кийин, коомчулук бул тууралуу кызуу талкуу кыла баштады.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева аталган маселеге комментарий берип, мамлекет башчынын жакынкы күндөргө күтүлгөн пландары тууралуу айтып берди.

“Учурда президент ички жана тышкы саясат маселелери менен алек. Алдыда көптөгөн ички жана тышкы мүнөздөгү иш-чаралар көп. Аталган маселе боюнча эске сала кетейин: Сооронбай Шариповичтин Алмазбек Шаршенович менен жеке мамилелери бар, алар көптөн берки партиялаштар. Бирок өлкө президенти өзүнүн жеке мамилелерин комментарий кылбайт”,-деп билдирди Стамалиева.

Ошондой эле ал билдиргендей, Кыргызстандын президенти өзүнүн ишмердүүлүгүн партиядан сырткары жана мыйзамдын негизинде жүргүзүүдө.

Эске сала кетсек, мурда КСДП партиясынын мүчөлөрү айрым маселелерди талкуулоо үчүн партия лидери Алмазбек Атамбаевге КР президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууну сунушташкан.

Пикир

Оставить комментарий