• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков: Негизги максат — мамлекеттик кызмат көрсөтүү тармактарында ыңгайлуу шартты түзүү

Президент 0

Бишкек, 24.01.20. /Кабар/. «Негизги максатыбыз — мамлекеттик кызмат көрсөтүү тармактарында жарандарыбызга максималдуу түрдө ыңгайлуу шартты түзүү», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында.

Мамлекет башчысы коррупцияга каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн санарип технологияларды киргизүү зарыл экенин белгиледи.

«Менин жарлыгым менен былтыр дагы, быйыл дагы өлкөнү санариптештирүү саясаты артыкчылыктуу багыт катары аныкталды.

Инновациялык методдорду, алдынкы маалыматтык технологияларды колдонууга негизделген, чечимдерди кабыл алуунун ачык-айкын жана отчеттуу системасын тез калыптандыруу керек. Так ошондуктан, Коопсуздук кеңештин санариптештирүү чөйрөсүндөгү чечимин ишке ашыруу — өтө маанилүү. Бул багытта Маалымат технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине жаңы жетекчи дайындалгандан бери бир катар ийгиликтүү иштер жасалды», — деп баса белгиледи президент.

Ал азыркы учурда бардык мамлекеттик органдар «Түндүк» маалымат алмашуу системасына кошулганын белгиледи. Натыйжада 40 мамлекеттик орган жана 16 коммерциялык уюм ушул система аркылуу маалымат алмаша баштады. Бул бюрократияны кыскартып, жарандарыбыздын убактысын үнөмдөйт.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан алдына амбициялуу максатты — региондогу өлкөлөр арасында санариптештирүү боюнча алдыңкы орунга чыгуу максатын койгонун өзгөчө баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий