• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков: Султан Ибраимовго «КРнын Баатыры» наамын ыйгаруу туура болот деп эсептейм

Президент 0

Бишкек, 21.11.18. /Кабар/. «Султан Ибраимов элдин оюнда, жүрөгүндө эчак эле Элдик баатыр болуп калган. Тилекке каршы, бул наамды ага расмий ыйгарууга 2017-жылы кабыл алынган мыйзам жол бербейт экен. Султан Ибраимовдун кыргыз мамлекети үчүн жасаган эмгегин татыктуу баалоо иретинде, кийинки муундун урмат-сыйын билдирүү максатында мен Султан Ибраимовго „Кыргыз Республикасынын Баатыры“ ардактуу наамын ыйгаруу туура болот деп эсептеймин. Ал үчүн депутаттардан мыйзамга тийиштүү өзгөртүү киргизүүнү өтүнөт элем. Парламент каршы болбойт деп ишенем. Мыйзам кабыл алынса, тийиштүү Жарлыкка кол койгонго мен даярмын», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада.

Төмөндө Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү толугу менен берилет:

«Өзүнүн жашоодогу жолу кыска болгон менен, элдин эсиндеги сапары узак, өмүрү аз болгон менен, элине кылган эмгеги опол тоодой болгон сейрек гана мамлекеттик ишмерлер бар.

Мындай инсандардын аты муундан муунга аӊыз болуп айтылып, өздөрү өткөн менен, элеси эл арасында урмат-сый менен жашап келет.

Султан Ибраимов кыска, бирок мазмундуу өмүрүндө чолпон жылдыздай жанып, кыргыз эли кылымдарга сыймыктангыдай мурас калтырды. Мезгил өткөн сайын анын аброю улам артып, зоболосу бийиктеп бара жатат.

Бүгүн биз бул салтанатка кыргыздын чыгаан уулу, Султан Ибраимовдун жаркын элесине таазим этип, бийик урматыбызды билдирүү үчүн чогулуп олтурабыз.

Кыргызстандын соңку тарыхына ысымы алтын тамга менен жазылып калган Султан Ибраимовдун өмүрү, басып өткөн жолу, кыргыз мамлекетинин өнүгүүсүнө кошкон салымы ар бирибиздин жүрөгүбүздө бекем сакталып турат.

Султан Ибраимовдун таржымалы жана өмүр баяны баарыбызга кеңири маалым. Элдин арасынан чыгып, эл менен болуп, жер менен сырдашып, жер менен иштеген.

Султан Ибраимов чыныгы адал эмгек, түмөн түйшүк менен жашаган чыныгы элдик адам болгон. Ал кыргыз элинин маңдайына бүткөнтуу чокудай адамдык зоболосу бийик улуу инсан.

Ал эмгек жолун карапайым жумушчудан министрге, өлкөдөгү эң ири областын биринчи катчысы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасына чейинки татаал жана даңктуу жолду басып өттү.

Бүгүнкү эскерүү салтанатында мен Султан агабыздын расмий таржымалына көп токтолбой, менин жеке өзүмдүн ички сезимимде сакталып калган Султан аганын элеси тууралуу айткым келип турат.

Урматтуу мекендештерим!

Биз сыйлап, урматтаган, элесин эске туткан инсаныбыз Султан Ибраимович Ош областын жетектеген он жылды, 1968-1978-жылдарды Кыргызстандын тарыхындагы өзгөчө жылдар катары бөлүп кароого болот.

Ушул он жылда Кыргызстандын жарымын түзгөн, азыркы үч областты камтыган Ош областында зор ийгиликтер жаралды. Айыл чарбасы кескин өнүктү, өнөр жай тармагында ири стратегиялык ишканалар курулду, турак жай фонду жакшырды, маданий жана социалдык объектилер ишке берилди, элдин билимге, ден соолукка жана маданиятка болгон муктаждыгы ырааттуу чечиле баштады.

Папан, Токтогул суу сактагычтарынын курулушунда, суу маселесин чечүүдөСултан Ибраимов каарман эмгек жасады. Өзгөчө жаңы аймактарды, дың жерлерди өздөштүрүүгө умтулуп, миңдеген гектар какыраган талааларды гүлдөгөн аймакка айландырды. Жолдор, көпүрөлөр курулуп, мал киндиктүү жерибиздин жайлоолору кеӊейди.

Ошол он жыл область үчүн кылымга тете жылдар болду.

Андан бери туура жарым кылым өттү. Дагы эле ошол жылдардын өзгөчөлүгү, Султан Ибраимовдун өзүнүн таржымалы айтылып бүтпөй келет.

Областын ошол кездеги учурун эстегендер календардык 1968 — 1978 — жылдарды айтпай, „Султан Ибраимовдун жылдарында“ деп, анын ысмын сыймык менен, терең урмат менен айтышат. Демек Султан Ибраимович — бүтүндөй бир тарыхый доордун символу болуп калды.

Султан Ибраимовичтин мааракеси „Региондорду өнүктүрүү жылына“ туш келгени — өзүнчө бир символикалуу. Анын элеси регионду өнүктүрүүнүн ийгиликтүү мисалын көрсөтүп тургансыйт.

Урматтуу агайын-туугандар!

Кыргыз Өкмөтүн жетектеп турганда да Султан Ибраимович элет жерин, бардык областтарды, райондорду, чарбаларды өнүктүрүүгө ынтызар болгон. Эң башкысы, эл үчүн кызмат кылган курулуш иштерин жасоого айрыкча дилгир болду. Өлкөдөгү ири курулуштар анын ысмы менен тыгыз байланышкан.

Ал кесиби боюнча мелиоратор болгон, бул -"суу башы бол« деген кесип. Ал отуз төрт жашында суу чарба министри болуп иштеген. Мындайча айтканда, өлкөнүн мурабы болгон.

Ал республикабыздын бардык аймагын түрө кыдырып, андагы агын суулар гана эмес, булактарга дейре барып көргөн. Алардын аталыштарын жатка билчү экен.

Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүнү мелиорациядан, жаңы жерлерди өздөштүрүүгө өзгөчө көңүл бурган.

Ири мал чарба бирикмелеринде чабандар үчүн мончолор курулган. Амбулаториялар, дүкөндөр, кино көрсөтүүчү аппараттар жана китепканалар, автопоезддер түзүлүп, жайлоолордо жана кыштоолордо, пахта талааларында калкты тейлөө жолго коюлган.

Султан Ибраимович Өкмөттү жетектеп турганда өлкөнүн өнөр жай, билим, маданият, энергетика, транспорт, курулуш тармактарына дагы кылдат көңүл бөлгөнү белгилүү. Көптөгөн завод-фабрикалар курулду, шаарлар өстү, айылдар көркүнө чыкты.

Урматтуу мекендештерим!

Биз азыр коррупция менен чечкиндүү күрөшүп жатабыз. Кезегинде бул күрөштү Султан Ибраимов баштаган десек болот.

Ал кошуп жазуунун, жел козулардын, бийик рапорттордун, чайкоочулук менен жемкордуктун душманы болгон.

Султан Ибраимов Кыргыз ѳкмѳтүн башкарып турганда Токмок эт комбинатындагы коррупциянын бетин ачкан. Көз боёмочулук, паракорлук, элдин мүлкүн каалагандай талап-тоноочулук анын жан дүйнөсүнө тынчтык берген эмес.

Анын кадр саясатындагы принциби — жердешчилдиктен, тууганчылдыктын алыс болгон. Жанына жемкорлорду таптакыр жолоткон эмес. Чыныгы иш билги, профессионал адамдарды жооптуу кызматтарга дайындаган.

»Жаш кадрлар бала сыяктуу, аларды бакырып эмес, акырын тарбиялаш керек« деп көп айтчу экен.

Кезегинде Султан Ибраимов „Байлык жоголот, эмгек элде калат!“ деп айткан экен. Ал байлык жыйнабай, кадыр жыйнаган. Таза иштеген, бийликти эмес, намысты бийик туткан адам болгон.

Азыркы жетекчилеркоррупциясыз таза жашоону, чыныгы жетекчилик сапатты, нукура адамдык касиетти, мына Султан Ибраимовдон үйрөнүшү зарыл!

Урматтуу агайын туугандар!

Бүгүнкү салтанатка Султан Ибраимович менен чогуу иштеген, ал кишини көргөнадамдар да катышып жатышат. Алар да өз сөздөрүн айтышат.

Мен Ош областында 6 жыл губернатор болуп иштедим. Кайсыл районго, кайсыл айылга барбайын, улуу муундун өкүлдөрү жетекчинин үлгүсү катары Султан Ибраимовичти эстешчү. Менин ишиме ийгилик каалаган аксакалдар „Султан Ибраимовдой болуп иште“ деп батасын беришчү.

Султан Ибраимович түндүктөн барып, түштүк жеринин эӊ урмат-сыйлуу, сүйүктүү, сыймыктанчу инсаны болуп калды. Анын ысымы кыргыз элинин биримдигинин символуна айланды.

Султан агабыз өз өмүрү менен, жасаган иши менен Кыргызстандын келечеги элибиздин ынтымагында, коомубуздун биримдигинде экенин таасын далилдеп кетти.

Өз ишинин жыйынтыгына жетмейин ал кишиде тыным жок эле деп айтышат замандаштары. „Баштадыңбы, таштаба!“ дегенди абдан баалачу дешет. Эгерде биз Султан Ибраимовдун тушунда башталган иштерди талдап көрсөк, алардын бири калбай аягына чыкканына күбө болобуз.

Урматтуу мекендештерим!

Эл үчүн иштеген адам дайым эл баасында болот, чыныгы жетекчини эл билет, эл кадырлайт.

Султан Ибраимовдун улуу касиети –кайсы кызматты ээлебесин элдик, нукура жөнөкөйлүк сапатынан эч качан тайган жок. Табиятынан жөнөкөй, түпкүрүнөн адамгерчиликтүү инсан болгон.

Султан Ибраимович „Бир адамдын көңүлүн калтыруу, бүтүндөй бир айылдын ынтымагын ыдыратканга барабар!“ — деген сөздү көп айтчу экен.

Боорукер, бирөөнүн көңүлүн калтыргысы келбеген, айкөл, жөнөкөй, кыраакы, көрөгөч улут уулунун улуулугу, касиети мына ушунда.

Султан Ибраимович сөздүн нукура маанисинде дал ошондой улуу да, бийик да, чыныгы элдик адам эле.

Ошол адамдын улуулугун даңазалап, анын бийик касиеттерин үйрөнүп калууга, үлгү алууга аракет жасайбыз.

Эгерде биз бүгүн жетекчи адам кандай болушу керек, кандай сапатка ээ болууга тийиш деген суроону койсок, мен токтолбостон бүгүнкүнүн жетекчиси Султан Ибраимовдой болушу керек деп айтаар элем.

Анын адамгерчилик жана жетекчилик сапаты, бизге калтырган мурасы баа жеткис.

Ал өз элине талыкпай таза кызмат кылды. Кыргыз бийлигинде Султан Ибраимовдун мектебин калыптандырып кетти.

Анын мектеби — Мекенге берилгендик, жаратмандык, эмгекчилдик, бийик адамгерчилик жана элге таза кызмат кылуу.

Урматтуу мекендештерим!

Султан Ибраимовичтин эмгектери учурунда бийик баага татыктуу болгон. Ал бир нече жолу СССР Жогорку Кеңешине депутат, КПССтин сьездерине делегат болуп шайланган. Эки жолу Ленин, Октябрь революциясы, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Бирок, Султан Ибраимовдун элесине болгон сый-урматыбыз, анын жасап кеткен эмгектеринин алдындагы парзыбыз толук аткарылбай калгансыйт. Анын эмгегин калың кыргыз журтчулугу эсинде сактап, бирок, ошол элдин урматына арзыган эмгек толук түрдө бааланбай, расмий түрдө жазылбайкалгандай туюлат.

Султан Ибраимович „элим үчүн жаным курман“ деп жашады. Элибиз үчүн төө көтөргүс эмгек өтөдү, элибиз үчүн бүт өмүрүн арнады. Журтубуз үчүн жумуш кылам деп жүрүп курман болду. Мекенибиз үчүн мээнет кылам деп жүрүп шейит болду.

Тирүү болсо дагы көп иштерди аткарат эле. Элим үчүн дагы кызмат кылам деген аруу тилектери бар эле. Акылга, тажрыйбага толуп турганда жексурлардын колунан каза тапты. Элге арналган көп максаттары аткарылбай калды.

Ал элдин оюнда, жүрөгүндө эчак эле Элдик баатыр болуп калган. Тилекке каршы, бул наамды ага расмий ыйгарууга 2017-жылы кабыл алынган мыйзам жол бербейт экен.

Султан Ибраимовдун кыргыз мамлекети үчүн жасаган эмгегин татыктуу баалоо иретинде, кийинки муундун урмат-сыйын билдирүү максатында мен Султан Ибраимовго „Кыргыз Республикасынын Баатыры“ ардактуу наамын ыйгаруу туура болот деп эсептеймин.

Ал үчүн депутаттардан мыйзамга тийиштүү өзгөртүү киргизүүнү өтүнөт элем.

Парламент каршы болбойт деп ишенем. Мыйзам кабыл алынса, тийиштүү Жарлыкка кол койгонго мен даярмын.

Султан Ибраимовдун элесине тереӊ таазим этип, ал биздин жүрөгүбүздө, кийинки муундун көкүрөгүндө, урпактардын сезиминде жашай берет деп ишенем».

Пикир

Оставить комментарий