• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелерин талкуулашты

Президент 0

Бишкек, 28.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2018-жылдын 28-декабрында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Владимир Путинди Жаңы жыл жана Рождество майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы кыргыз-россиялык мамилелер үчүн өтүп бараткан жыл абдан жемиштүү, саясий олуттуу байланыштарга жана биздин эки мамлекет үчүн маанилүү окуяларга бай болгонун белгиледи.

Улуу жазуучунун 90 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Москва шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы скверде жазуучунун эстелигинин ачылышы эки тараптуу маданий-гуманитардык кызматташтыктын жаркын мисалдарынын бири болуп калды.

Ошондой эле маектешүүнүн жүрүшүндө мамлекеттер башчылары эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий