• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков Владимир Путинди Россиянын күнү менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 12.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге мамлекеттик майрам — Россиянын күнүнө байланыштуу куттуктоо жолдоду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Россиянын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндө Декларациясы кабыл алынган күндөн тартып өлкө мамлекеттик курулуш, социалдык-экономикалык өнүгүү жана элдин турмушун жакшыртуу боюнча олуттуу ийгиликтерге жетише алды.

Сиздин акылман жана тең салмактуу саясатыңыздын натыйжасында бүгүнкү күндө Россия эл аралык аренада кадыр-баркка ээ жана күчтүү держава болуп саналат.

Кыргызстан эки өлкө ортосундагы союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө, ошондой эле евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстерди бекемдөөгө артыкчылыктуу маани берет.

Биздин элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн Кыргызстан менен Россиянын ортосунда өз ара пайдалуу кызматташтыкты биргелешип улам чыңдай беребиз деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков Президент Владимир Путинге чың ден-соолук, бакубатчылык жана алдыга коюлган пландарды ишке ашырууда мындан аркы ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Россия элине — тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий