• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК делегациясы ТүркПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссия жыйынына катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.04.22. /Кабар/. 21-22-апрель күндөрү Баку шаарында Азербайжандын Милли Межлиси менен Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) катчылыгы биргелешип уюштурган ТүркПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын IX жыйынына Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин делегациясы катышты. Бул тууралуу КР парламентинин басма сөз кызматы билдирет.

Алгач 21-апрелде ТүркПАнын Социалдык-маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун жетекчилиги менен "Калктын социалдык жактан аярлуу катмарын ишкердикке шыктандыруу: реалдуулук жана перспективалар" деген аталышта семинар өткөрүлдү. Семинарда Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан тажрыйбалар жана көрүлүп жаткан чаралар боюнча Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин бөлүм башчысы Мария Исанова баяндама жасады.

Экинчи жумушчу жыйында Комиссиянын алкагында даярдалган “Социалдык ишкердик жөнүндө” мыйзамдын моделдик долбоору талкууланды. Катышуучулар моделдик мыйзам долбооруна, ошондой эле ТүркПАнын регламентине моделдик мыйзамдарды кароого байланыштуу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу ой бөлүштү. Аталган долбоорго карата КР Жогорку Кеңешинин сунуштары жана пикирлери Жогорку Кеңештин төрагасынын укук маселелери боюнча кеңешчиси Бакытбек Мажитов тарабынан даярдалып, тааныштырылды.

Ал эми 22-апрелде ТүркПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын IX жыйыны болуп өттү. Жыйындын алкагында күн тартиби аныкталып, отчеттордун долбоорлору жана комиссиянын сунуштары боюнча баяндамалар жасалды. Муну менен катар 2023-2028-жылдарга боло турган комиссиялардын, семинарлардын тематикасы жана моделдик мыйзамдардын долбоорлору каралды. Алар ушул жылдын 23-24-июнунда Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында өтө турган ТүркПАнын 11-пленардык сессиясында бекитүүгө сунушталат. Талкуу маалында документтер боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн пикирлери айтылып, сунуштары эске алынды.

Иш-чаралардын алкагында Азербайжандын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин алдындагы Туруктуу жана ыкчам социалдык камсыздоо агенттигинин борборуна таанышуу сапары уюштурулду.

Белгилей кетсек, КР Жогорку Кеңешинин делегациясынын курамына депутаттар: ТүркПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын төрагасы Айбек Осмонов, комиссиянын мүчөсү Улан Бакасов, Жогорку Кеңештин Төрагасынын укук маселелери боюнча кеңешчиси Бакытбек Мажитов жана Социалдык саясат боюнча комитетинин бөлүм башчысы Мария Исанова кирген.

Маалымат үчүн: Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясы 2008-жылы түзүлгөн. Ассамблеянын толук кандуу мүчөлөрү Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркия мамлекеттеринин парламенттери эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий