• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК төрагасы Сабырдуулук жана тынчтык үчүн Глобалдык кеңешинин президентин кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. Бүгүн, 13-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков Сабырдуулук жана тынчтык үчүн Глобалдык кеңешинин президенти Ахмед ал-Жарван менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлайт.

Жолугушууда тараптар Сабырдуулук жана тынчтык үчүн Глобалдык кеңешинин ишмердүүлүгү тууралуу сөз кылып, эл аралык коопсуздукту жана биримдикти сактоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу пикир алмашты.

Төрага Дастанбек Жумабеков Кыргызстан дайыма дүйнөнү тынчтыкта өнүктүрүүгө багытталган бардык чакырыктарды жана долбоорлорду колдоорун белгилеп: “Сиз жетектеген Сабырдуулук жана тынчтык үчүн Глобалдык кеңеши менен ар убак кызматташууга кызыкдарбыз. Биздин максат улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, мамлекеттер ортосундагы тынчтыкты камсыздоо, дүйнөнүн ынтымакта өнүгүшүнө өбөлгө болчу чакырыктарды колдоо. Андыктан, согуштук аракеттердин, куралдуу жаңжалдардын алдын алуу багытында ар тараптуу алакаларды кеңейтүүнү көздөйбүз”, – деди.

Ошондой эле уюмдун ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалаган төрага Дастанбек Жумабеков: “Ар түрдүү маданияттардан, диний ишенимдерден жана баалуулуктардан куралган дүйнөнү көздүн карегиндей сактоо ар бир өлкөнүн жүргүзгөн саясатына, кылган аракетине, алган багытына көз каранды. Ага ылайык, чоң же кичине мамлекет экенибизге карабай тынчтыкты сактоо максатын биргеликте колдошубуз керек”, – деп кошумчалады.

Өз кезегинде Сабырдуулук жана тынчтык үчүн Глобалдык кеңешинин президенти Ахмед ал-Жарван жылуу кабыл алгандыгы үчүн төрага Дастанбек Жумабековго жана аталган кеңешти түзүүгө жигердүү катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевге да ыраазычылык билдирди.

“Учурда биздин уюмга жетимиштей өлкөнүн өкүлдөрү мүчөлүк кылат. Күндөн-күнгө катарыбыз да көбөйүүдө. Анткени, дүйнө сабырдуулукту жана тынчтыкты туу тутуу менен гана өнүгө аларын акыркы окуялар көрсөтүүдө. Андыктан, Кыргызстан менен да бул багытта байланышты арттыруу аракетиндебиз”, – деди.

Андан тышкары, Ахмед ал-Жарван төрага Дастанбек Жумабековду Сабырдуулук жана тынчтык үчүн Глобалдык кеңешинин кийинки отурумдарына катышып кетүүгө чакырды.

Эскерте кетсек, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев да катышты.

Пикир

Оставить комментарий