• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери кезексиз жыйынга чогулат

Саясат 0

Бишкек, 27.10.22. /Кабар/. Эртең, 28-октябрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлери кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматы билдирет.

Сессиянын жүрүшүндө армения-азербайжан чек арасындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрында Арменияга жөнөтүлгөн миссиянын ишинин жыйынтыгын талкуулоо пландалууда.

Ошондой эле Армения Республикасына жардам көрсөтүү боюнча биргелешкен чараларды кароо болжолдонууда.

Пикир

Оставить комментарий