• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеңештин расмий сайтында депутаттар менен түздөн-түз байланышуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 06.02.18. /Кабар/. Бийликтин мыйзам чыгаруу бутагынын ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына депутатка онлайн кайрылуу менен түз байланышууга жол ачкан жаңы жабдуу киргизилди. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган жабдуу аркылуу расмий сайттагы депутаттын жеке баракчасынан, анын ишмердүүлүгү менен толук таанышуу менен ага түздөн-түз кайрылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Айрыкча, жеке баракчадан депутат демилгелеген мыйзамдар, анын катышуусундагы видео жана фото материалдар, ошондой эле эл өкүлүнүн ишмердүүлүгүнө байланыштуу башка жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган маалыматтарды табууга болот.

Ал эми жаңыланган депутаттын жеке баракчасынын бет ачары ушул жылдын 7-февралында саат 13:00дө Жогорку Кеңештеги Басма сөз борборунда өтөт (3-кабат). Иш-чарага парламент депутаттары, Басма сөз кызматынын жетекчиси жана баракчаны иштеп чыккан адистер катышат.

Пикир

Оставить комментарий