• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жол кырсыктарынын алдын алуу максатында коомдук унааларга атайын эскертме барактары чапталууда

Коом 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан жүргүнчүлөрдү ташыган эки миңге жакын коомдук транспортторго айдоочулар үчүн жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камтыган атайын эскертме барактары таратылып чапталууда.

Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, мындай чара Бишкек шаарынын аймагында жөө жүргүнчүлөр катышкан жол кырсыктарынын алдын алуу жана ага жол бербөө максатында көрүлүүдө.

"Өткөн жылы жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетүү фактысы менен жол кырсыгы эң көп катталаган. Ошол себептүү кайгуул кызматкерлери бул багытта күчөтүлгөн тартипте алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларын күчөтүүдө. Бул менен гана чектелбестен мектептердин айланасындагы мектеп окуучуларына жолдо жүрүүдө жол жээгиндеги атайын жөө жүргүнчүлөр үчүн жүрүүчү кана жолдодо жүрүүдө ошондой эле көрсөтүлгөн жөө өтмөктөрдөн кана өтүү керектиги эскертилүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий