• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жумгал районунда 225 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. Жумгал районунун Жаңы-Арык айылында А.Идинов атындагы орто мектептин жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган орто мектептин биринчи корпусунун имараты жараксыз абалга келгендиктен 2019-жылдын октябрь айында "Сауд" өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен 66 миллион сомго имарат курулуп баштаган. Курулуш ишин "Мерибелл текстиль иншаат" курулуш компаниясы жүргүздү. Натыйжада 12 окуу кабинети, усулканасы, китепканасы, жыйындар залы, спорт залы, ашканасы менен 225 орундуу заманбап мектеп имараты курулуп бүттү.

Билим уясынын ачылыш аземине президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев, Жогорку Кеңештин 5-чакырылыштагы депутаты Алманбет Шыкмаматов, Сауд Араб өнүктүрүү фондунун өкүлү Баян Джамил Абдалла Махмуд, Жумгал районунун акими Жамшит Матанбаев, мектеп ысымын алып жүргөн профессор Айып Идиновдун урпактары жана айыл эли катышты.

Пикир

Оставить комментарий