• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Хоккей боюнча дүйнө чемпионатында чехиялык жана россиялык судьялар калыстык кылат

Спорт 0

Бишкек, 21.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда алгачкы жолу 4-дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Кыргызстандын хоккей федерациясынын вице-президенти Элзар Болотбеков билдирди.

Белгилей кетсек, дүйнөлүк чемпионат 3-мартта Бишкекте башталып, ага Кыргызстан, Иран, Сингапур, Малайзия жана Кувейттин курама командалары катышат.

Болотбековдун айтымында, дүйнө чемпионатында калыстар тобунун директоратынын башчылыгында Чехия өлкөсү болууда.

“Аталган өлкөдөгү калыстардын орду Эл аралык хоккей федерациясында дагы чоң. Ошондой эле калыстардын басымдуу бөлүгү Россиядан келет. Мындан сырткары, өзүбүздүн калысыбыздын дагы катышуусу күтүлүүдө. Ынтымак Абдыкалыков учурда Ташкенттеги семинарда жүрөт. Ал экинчи калыс катары катышат”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий