• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР бокс курама командасы Кытайда өтө турган Азия оюндарына катышат. Тизме

Спорт 0

Бишкек, 21.08.23. /Кабар/. Кытайда өтчү Азия оюндарына катыша турган Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама команданын курамы белгилүү болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, команданын курамына 7 спортчу кирди.

Алар:

- Нуржигит Дүйшөбаев-51 кг чейин;
- Мунарбек Сейитбек уулу-57 кг чейин;
- Асхат Култаев-63,5 кг чейин;
- Нурадин Рустамбек уулу-71 кг чейин;
- Өмүрбек Бекжигит уулу-80 кг чейин;
- Эркин Адылбек уулу-92 кг чейин;
- Ооматбек Элчоро уулу-92 кг жогору.

Машыктыруучулар:

- Данияр Төлөгөн уулу;
- Улан Сагынбаев;
- Аскат Абаев.

Белгиленгендей, Азия оюндары Париждеги Олимпиада оюндарына тандоо болуп саналат. Ар бир салмактык категория боюнча финалисттерге жолдомо берилет.

Пикир

Оставить комментарий