• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында күмүш медалга татыды

Спорт 0

Бишкек, 22.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Айсулуу Тыныбекова Монголиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында күмүш медалга татыды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Мелдештин чейрек финалында Тыныбекова 62 кг салмакта монголиялык Болдсайханы Хонгорзулга каршы чыгып, өзүнүн бутка кирүү ыкмасы менен атаандашын 7:3 эсебинде жеңип кетти. Кийин кармашы өзбекстандык Набира Есенбаева менен болду. Айсулуу башында эле атаандашынын бутуна кирип, далысын жерге басып, ишенимдүү түрдө финалга өттү.

Финалда япониялык Нонока Одзакиге каршы килем үстүнө чыкты. Кармаштын экинчи бөлүгүндө Тыныбекова бутун алдырып, тогуз упайдан кур калды. Нонока Одзаки ал ыкманы жасап жатканда Айсулуу бутун кокустатып, күрөштү уланта алган жок. Жеңиш япон спортчуга ооду.

Нет описания.

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова буга чейин Токио Олимпиадасынын күмүш медаль ээси, кыз-келиндер арасында күрөш боюнча дүйнөнүн эки, Азиянын төрт жолку чемпиону болгон.

Азия чемпионатында кыз-келиндер күрөшү боюнча Айпери Медет кызы (76 кг) алтын, Мээрим Жуманазарова (68 кг) күмүш медаль тагынган. Ал эми грек-рим күрөшү боюнча балбандар жалпы алты медаль багындырышты:

Алтын медаль:
Жоламан Шаршенбеков - 60 кг;
Тынар Шаршенбеков - 63 кг;
Акжол Махмудов - 77 кг.

Коло медаль:
Адилхан Нурланбеков - 72 кг;
Үзүр Жузупбеков - 97 кг;
Роман Ким - 130 кг.

Чемпионат 19-24-апрель аралыгында Улан-Батор шаарында өтүүдө.

Эскерте кетсек, Монголиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий